Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-мартындагы № 1 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы

2022-жылдын 24-ноябрындагы № 8

Базар-Коргон шаар борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы парк жөнүндө

Базар-Коргон  шаар борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы парк боюнча Базар-Коргон шаар мэриясынын  18.10.2021-жылдагы чыгарылган токтомдун негизинде түзүлгөн келишимдерди жана паркты текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусун карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги  XVII-сессиясы токтом кылат: 

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын  18.10.2021-жылдагы № 708-Т сандуу токтомунун негизинде 25000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 705-Т сандуу токтомунун негизинде 23000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 706-Т сандуу токтомунун негизинде 27000,0 чарчы метр жер тилкеси, № 704-Т сандуу токтомунун негизинде 18200,0 чарчы метр жер тилкеси  түзүлгөн келишимдер боюнча Х.Халмурзаевке ижарага берилип кеткендиктен, Базар-Коргон шаарындагы борбордук парктын жер тилкеси  боюнча келишим толук аткарылбагандыгына байланыштуу Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссия аркылуу 4 лотко чыгарылган токтомдор жокко чыгарылып, ачык конкурс өткөрүү менен кайра берилсин. 

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине жана шаардын вице мэрине милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын. 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин. 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Сулаймановага милдеттендирилсин.

Базар-Коргон шаардык

Кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

Анарбеков К.К