Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ

XXXII СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 4-сентябры № 209

 

“Мады айыл аймагында 2024-жылы айылдарда курулган социалдык багыттагы курулуштарды, ички жол, жөө жолдордун долбоорунун аткарылышы жана 2025-жылга ушул багыттагы аткарылуучу иштерди пландоо”

 

Мады айыл аймагында 2024-жылы айылдарда курулган социалдык багыттагы курулуштарды, ички жол, жөө жолдордун долбоорунун аткарылышы жана 2025-жылга ушул багыттагы аткарылуучу иштерди пландоо боюнча Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын 2024-жылдын 26-август кошмо отурумунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл аймагында 2024-жылы айылдарда курулган социалдык багыттагы курулуштарды, ички жол, жөө жолдордун долбоорунун аткарылышы жана 2025-жылга ушул багыттагы аткарылуучу иштер бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Осмоновко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов