Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 5
Стандартташтыруу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында стандартташтыруунун, анын ичинде улуттук стандартташтыруу системасынын иштешинин укуктук негиздерин белгилейт жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталган.
Ушул Мыйзам стандартташтыруунун продукциясына жана башка объекттерине карата талаптарды иштеп чыгууда, белгилөөдө жана колдонууда стандартташтыруу чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) шайкеш келтирүү - илим жана техникадагы эң жаңы жетишкендиктерди чагылдырган жана стандартташтыруу объекттеринин сапатынын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлине карата заманбап талаптарды аныктаган эл аралык жана регионалдык стандарттарды улуттук кызыкчылыктарда киргизүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү иши;
2) продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик системасы (ПКМС) - мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү, анын даярдоочулары жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана так маалымат менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык система;
3) техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификатору (мындан ары - мамлекеттик классификатор) - техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты анын классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө жана башкаларга) ылайык бөлүштүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик маалыматтык системаларда жана ведомстволор аралык маалымат алмашууда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;
4) стандартташтыруу боюнча документ - ыктыярдуу жана көп жолу колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин жалпы мүнөздөмөлөрү, ошондой эле стандартташтыруу объектине карата эрежелер менен жалпы принциптер белгиленүүчү документ;
5) улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси - кызыкдар жактарга улуттук стандартташтыруу системасына таандыктыгы жөнүндө маалымдоо максатында улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин маркалоо үчүн колдонулган белги, аны менен улуттук стандартка ылайык келүүчү продукция жана (же) мындай продукцияга тиркелген эксплуатациялык же башка документтер да маркаланышы мүмкүн;
6) стандартташтыруу чөйрөсүндөгү маалыматтык система - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан түзүлүүчү, маалыматты жыйноону, иштеп чыгууну, сактоону, жайгаштырууну, пайдаланууну жана берүүнү камсыз кылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын негизинде иштөөчү стандартташтыруу боюнча маалыматтык система;
7) маалыматтык-техникалык маалымдама - белгилүү бир жааттагы системалаштырылган маалыматтарды камтыган жана технологиялардын, процесстердин, методдордун, ыкмалардын, жабдуунун сыпаттамаларын жана башка маалыматтарды камтыган улуттук стандартташтыруу системасынын документи;
8) стандартташтыруу боюнча документтердин маалыматтык көрсөткүчү - стандартташтыруу боюнча кабыл алынган документтер, алардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле аларды колдонууга киргизүү мөөнөттөрүн жана кошумча маалыматты камтыган, мезгил-мезгили менен басып чыгарылуучу көрсөткүч;
9) каталогдук барак - продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү жөнүндө анык маалыматты камтыган документ;
10) эл аралык стандарт - стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм тарабынан кабыл алынган жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болгон стандарт;
11) мамлекеттер аралык стандарт - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана тастыктамалоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган регионалдык стандарт;
12) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду - техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу чөйрөлөрүндө жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маалыматтык ресурс;
13) улуттук стандартташтыруу системасы - стандартташтыруу системасынын катышуучуларынын жана алардын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамилелеринин, жалпыга жеткиликтүү болгон мамлекеттик маалыматтык ресурстун объекттери болуп саналган стандартташтыруу боюнча документтердин жыйындысы;
14) Кыргыз Республикасынын улуттук стандарты (мындан ары - улуттук стандарт) - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан кабыл алынган стандарт;
15) чет мамлекеттин улуттук стандарты - чет мамлекеттин стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан кабыл алынган стандарт;
16) чет мамлекеттердин улуттук классификаторлору - башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документтер;
17) стандартташтыруу объекти - стандартташтырылууга тийиш болгон продукция, кызмат көрсөтүүлөр, процесстер, айрым иштерди аткарууда, белгилүү кызматтарды көрсөтүүдө персоналдын компетенттүүлүгү, ошондой эле шайкештикти баалоо органдарынын персоналынын компетенттүүлүгү, менеджмент системалары, терминология, символика (шарттуу белгилер), шайкештикти баалоо жол-жоболору, изилдөө (сыноо) жана өлчөө (анын ичинде үлгүлөрдү тандоо) методдору, маркалоо;
18) Кыргыз Республикасынын негиз болуучу улуттук стандарты (мындан ары - негиз болуучу улуттук стандарт) - улуттук стандартташтыруу системасынын жалпы уюштуруу-методикалык жоболорун белгилөөчү жана кеңири колдонуу чөйрөсүнө ээ болгон же белгилүү бир стандартташтыруу чөйрөсү үчүн жалпы жоболорду камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
19) стандартташтыруу боюнча документти расмий басып чыгаруу - улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси коюлган стандартташтыруу боюнча документтин басылган же электрондук текстинин Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду тарабынан жарыяланышы (аскердик улуттук стандарттар менен уюмдардын стандарттарын кошпогондо);
20) стандартташтыруу эрежелери - негиз болуучу улуттук стандарттардын айрым жоболорун толуктаган же айкындаган, ошондой эле стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүнүн жана мындай иштердин натыйжаларын тариздөөнүн тартибин жана методдорун аныктаган уюштуруу жана методикалык мүнөздөгү жоболорду камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
21) Кыргыз Республикасынын алдын ала улуттук стандарты (мындан ары - алдын ала улуттук стандарт) - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан бекитилген стандартташтыруу боюнча документ, анда жалпы колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин жалпы мүнөздөмөлөрү, ошондой эле анын негизинде улуттук стандартты андан ары иштеп чыгуу үчүн алдын ала улуттук стандартты колдонуу процессинде тажрыйба топтоо максатында стандартташтыруу объектине карата чектелген мөөнөткө эрежелер жана жалпы принциптер белгиленет;
22) улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасы - стандартташтыруу системасын өнүктүрүүнү караштыруучу, улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү документ;
23) улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгууну караштыруучу документ;
24) ачык оферта - жактардын аныкталбаган чөйрөсүнө арналган, ушул продукциянын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн камтыган продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоо;
25) регионалдык стандарт - стандартташтыруу боюнча регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган стандарт;
26) регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) классификатор - стандартташтыруу боюнча регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документ;
27) регионалдык эрежелердин жыйындысы - регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган эрежелердин жыйындысы;
28) стандартташтыруу боюнча рекомендациялар - стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө тиешелүү болгон жана улуттук стандартта же алдын ала улуттук стандартта белгиленгенге чейин практикада алдын ала текшерилүүчү тиешелүү улуттук стандартты же болбосо жобону колдонууга көмөк көрсөткөн уюштуруу жана методикалык мүнөздөгү маалыматты камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
29) эрежелердин жыйындысы - жабдууну, конструкцияларды же буюмдарды долбоорлоонун, даярдоонун, куроонун, техникалык тейлөөнүн же эксплуатациялоонун техникалык эрежелерин же жол-жоболорун камтыган документ;
30) чет мамлекеттин эрежелеринин жыйындысы - чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган эрежелердин жыйындысы;
31) стандарт - ыктыярдуу жана көп жолу колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле стандартташтыруу объектине карата принциптерди жана эрежелерди камтыган жана белгилүү бир чөйрөдө тартипке келтирүүнүн оптималдуу даражасына жетишүүгө багытталган документ;
32) уюмдун стандарты - юридикалык же жеке жак тарабынан кабыл алынган жана колдонулушу ушул стандартты кабыл алган юридикалык жакка же жеке жакка гана жайылтылуучу техникалык талаптарды камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
33) стандартташтыруу - стандартташтыруу объекттерине карата учурдагы анык же потенциалдуу милдеттерге карата жалпы жана көп жолу пайдалануу үчүн жоболорду белгилөө аркылуу белгилүү бир жаатта тартипке келтирүүнүн оптималдуу даражасына жетишүүгө багытталган иш;
34) стандартташтыруу боюнча техникалык комитет - улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин иштеп чыгуу, бекитилген стандартташтыруу объекттери же иштин багыттары боюнча стандартташтыруу боюнча башка документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн экономика тармагындагы мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын базасында ыктыярдуу негизде түзүлүүчү консультациялык-кеңешүүчү орган;
35) техникалык отчет - инновацияларга карата мүнөздөмөлөрдү, эрежелерди жана принциптерди белгилөөчү стандартташтыруу боюнча документ;
36) техникалык шарттар - продукцияга, процесстерге, кызмат көрсөтүүгө карата техникалык талаптар.
3-берене. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден турат.
2. Техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу аскердик чөйрөдөгү, мамлекеттик сырларды жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү, атомдук энергияны пайдалануу, ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, электр байланышы жаатындагы стандартташтыруунун укуктук негиздерине жайылтылбайт.
4-берене. Стандартташтыруунун максаттары
Стандартташтыруунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
2) товарларды жеткирүүдө, кызматтарды көрсөтүүдө, анын ичинде товарларды жана кызматтарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу;
3) адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана тукум улоочулугун, мүлктү сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо;
4) продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү алардын багыты, сапаты жана коопсуздугу боюнча адаштырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу;
5) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле алардын өзүнүн функционалдык багытына ылайык келүүсү, алардын номенклатурасын оптималдаштыруу жана бирдейлештирүү;
6) продукциянын, процесстердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү;
7) техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышына көмөк көрсөтүү;
8) техникалык жана маалыматтык жактан дал келүүчүлүк, ошондой эле продукциянын өз ара алмаштыруучулугу;
9) энергиянын натыйжалуулугу жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу (ресурсту үнөмдөө);
10) инновацияларды натыйжалуу киргизүүнү жана жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүүнү колдоо.
5-берене. Стандартташтыруу принциптери
Кыргыз Республикасында стандартташтыруу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун ыктыярдуулугу;
2) улуттук стандарттарда белгиленүүчү жалпы мүнөздөмөлөрдүн, эрежелердин жана жалпы принциптердин илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине, ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбага ылайык келүүсүн камсыз кылуу;
3) улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, мындай документтерди иштеп чыгууга бардык кызыкдар жактардын катышуусун камсыз кылуу, улуттук стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү;
4) улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди эл аралык стандарттарга жана регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) стандарттарга шайкеш келтирүү.