КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 21/1
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы Бегай участкасында жайгашкан 1,20 га жер тилкесине тоок ферма куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы Бегай участкасынын №306 контурунда жайгашкан 1,20 га жер тилкесине тоок ферма куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жана жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Абдраев |