Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2024-жылдын 26-январы № 21/2

 

Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2023-жылдагы аткарган иштери, 2024-жылга бюджетин, жамааттык планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды өткөзүп берүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 сандуу “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколуна ылайык Катта-Талдык айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

1. Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2023- жылкы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт комитетинин 2024- жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.

3. Жайыт комитетинин 2024- жылга бюджети бекитилсин.(бюджет тиркелет)

4. Жайыт комитетинин сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

а) Айыл аймагынын тургундары үчүн

1. Бир баш малга - 200 сом

2. Бир баш кой-эчкиге - 40 сом

3. Бир баш жылкыга - 200 сом

б) Четтен келген мал кой жылкылар үчүн.

1. Бир баш малга - 400 сом

2. Бир баш кой-эчкиге - 80 сом

3. Бир баш жылкыга – 500 сом

5. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.

1. Маданий ден соолукту чыңдоочу туристтик иш чаралар үчүн 1га жер үчүн 5000 сом;

2. Табигый тоют даярдоо үчүн 1га жер үчүн 1000 сом;

6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосундагы келишим бекитилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жана жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

К.Абдраев

 

 

 

Катта-Талдык айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин № 21/2 26-январь 2024 жыл токтому менен «Бекитилди»

_____________  К.Абдраев

Катта-Талдык айыл аймагынын ЖПБ 2024 жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

 

№

 

Аткарылуучу иштер

 

Кимдер аткарат

 

Мөөнөтү

 

1

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык чогулушун өткөрүү жана бюджетти айылдык кенештин сессиясында бекитүү

ЖК мүчөлөрү

Январь февраль

2

Айыл аймактагы ар бир айылдар боюнча жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо

ЖК мүчөлөрү

1-апрелге чейин

 

3

Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт билеттерин иштеп чыгуу жана ветеринардык врач менен биргеликте малдардын эмдөөсүнө көзөмөл жүргүзүү

Жайыт комитети

Ветврач

15-апрелге чейин

4

Малдын тоютка болгон керектөөсүн эсептөө жана жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо

ЖК мүчөлөрү

15-апрелгн чейин

5

Ортонку жана алыскы жайыттарга көчүү учурундагы өтмө жолдордун маршруттарын түзүү жана көчүрүүнүн календарлык планын түзүү

 

ЖК мүчөлөрү

1-апрелге чейин

6

Жайыт пайдалангандыгы учун акы төлөөнүн графигин түзүү жана топтоо

Жайыт комитети

Жыл ичинде

 

7

Фокстук топторду түзүү жана алардын натыйжалары менен бирге жайытты жакшыртуудагы муктаждыктарды аныктоо

ЖК мүчөлөрү

1 апрелге чейин

8

Жайыттарга биргелешкен мониторинг жана баа берүүнү жүргүзүү

ЖК мүчөлөрү

1-ноябрга чейин

9

Жайыт абалын жакшыртуу боюнча иш чараларды жургүзүү

Жайыт комитети

1-ноябрга чейин

10

Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу

Жайыт комитети

1-ноябрга чейин

11

Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди тузуу жана жайыт билеттерди берүү

Жайыт комитети

1 апрелге чейин

12

Жайыттарга малдардын жайланышын жана туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү жана туура эмес пайдалангандарга тиешелуу иш чараларды көрүү

Жайыт комитети

 

Жыл ичинде

Катта-Талдык жайыт

комитетинин төрагасы:- У.Жолдошов

 

 

Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2024-жылга карата

Бюджети

 

Киреше бөлүгү

 

  №

Кирешелердин аталышы

Сумма

1.

Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардан

738 000

2

Жайытты кыйыр пайдалануудан

262 000

 

Баары:

1000 000

Чыгаша бөлүгү

 

   №

Чыгашалардын аталышы

Сумма

     1.

Айлык акы

456 000

     2.

Мамлекеттик төлөмдөр

       474 993

     3.

Жайыт инфраструктурасын ондоого

302 292

 

Баары:

  1 233 285

 

Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2024-жылга карата

бюджети

Калдык акча 233285 сом

 

1.Киреше бөлүгү

№

Малдын туру

Малдын саны

Бир баш малга алынуучу баа

Бир жылга алынуучу төлөм

1.

Ири мүйүздүү мал

1300

200

260 000

2.

Кой эчки

5650

40

220 080

3.

Жылкы

400

200

80 000

 

Баары

 

 

566 000

Башка айыл аймактан келген малдар

№

Малдын туру

Малдын саны

Бир баш малга алынуучу баа

Бир жылга алынуучу төлөм

 

Ири мүйүздүү мал

160

400

64 000

 

Кой эчки

1100

  80

88 000

 

Жылкы

40

500

20 000

 

 

 

 

172 000

Жайытты кыйыр пайдалануудан 262000

Жалпы киреше 1 000 000

 

2.Чыгаша бөлүгү

 

Жайыт комитетинин штаттык сметасы

№

Кызмат орду

  Саны

Айлык акы

Мөөнөтү

Суммасы

  1.

Ж.К. төрагасы

    1

  25000

  12

300 000

  2.

 Инспектор

    2

  8000

    6

96 000

  3.

бухгалтер

    1

  5000

   12

60 000

 

   Баары

 

 

 

456 000

 

  1.

Мамлекеттик чегерүү бюджеттин 3/1

333 300

  2.

   ГСМ

50 000

  3.

Соц фонд төлөмдөрү     252000*17,25%

78 660

  4.

Кара-Суу жайыт ассоциасына мүчөлүк акы

6 000

  5.

Канцелярдык  товарлар

5 000

  6.

Компютердик эмеректер жана катридж толтуруу

2 000

 

Баары:

474 993

 

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга

 

№

Жасалуучу жумуштардын аттары

Айылы

  Сумма

1.

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга

 

А/аймак боюнча

302292

 

Баары

 

302292

Жалпы чыгаша 1 233 285

 

Катта-Талдык жайыт

         комитетинин төрагасы:                              У.Жолдошов