КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 21/3
Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ураимов Бектур Юлдашевич айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгынан өз арызынын негизинде бошогондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна жана айылдык кеңештин регламентинин I бөлүмүнүн 5-главасына ылайык, Катта-Талдык айылдык кеңеши (жетинчи чакырылышынан шайланган) XXI сессиясынын эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына №1-8 мандаттуу Баш-Булак шайлоо округунун депутаты Малабеков Мелис Абдисаламович шайланды деп эсептелсин.
2. Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн милдеттерин мыйзам чегинде аткарат.
Төрага: |
| К.Абдраев |