Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2024-жылдын 26-январы № 21/5

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында жайгашкан 4,48 га жер тилкесине туризм багытында эс алуу жайын куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы № 97-контурунда жайгашкан 4,42 га жана № 99-контурунда жайгашкан 0,06 га жер тилкелерине туризм багытында эс алуу жайын куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жана жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

К.Абдраев