Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын

2024-жылдын 20-декбары  №3/1

 

“ЕБРР программасына кошуулу жөнүндө”

         

          Көк-Жаңгак шаардык кеңеши шаардык мэриясынын 2024 жылдагы 20 декабрындагы №01-6/2459 кайрылуусун жана Приоритеттик инвестициялар жөнүндөгү программасынын долбоорун карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кенеши

 

Т О К Т О М   кылат:

1.     ЕБРР программасы менен инвестиция тартуу максатында Көк-Жаңгак шаарына долбоордун негизинде 4,0 млн.евро бөлүнүп, анын ичинен 2,0 млн. евро кредит, 2,0 млн. евро грант берилди. Долбоордун максаты Көк-Жаңгак шаарындагы таза суу жана канализация түтүкчөлөрүн реконструкциялоого жана жаңы кеңсе, суу кампа, саркынды суу тазалоо жайын куруу үчүн макулдук берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаардык мэри Замирбек уулу Сыргакка жана өзүн өзү камсыздоо чарбалык эсептеги Шар-Булак участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге жүктөлсүн.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

4.     Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

 

 

Исмаилов Б.М.