Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 25-декабры № 839-т

 

Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосундагы Айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосундагы Айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ

Кириш сөз

Бириккен Араб Эмираттары тарабынан Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - биргелешип "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталуучу),

Тараптардын ортосундагы тыгыз мамилелерге ишенүү менен, экинчи Тараптын аймагына барууда же ошол аймакта жашоодо эки өлкөнүн тиешелүү расмий органдары берген айдоочулук күбөлүктөргө ээ болгон жарандардын кыймылдарын жеңилдетүү үчүн төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-параграф. Айдоочулук күбөлүктөрдү таануу

Ар бир Тарап ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаттарын ишке ашыруу үчүн ушул Меморандумдун 2-параграфынын таблицасында көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн ар кандай категорияларына карата айдоочулук күбөлүктүн ээси экинчи Тарап белгилеген минималдуу курактык талаптарга ылайык келген шартта, туруктуу жашоо үчүн эмес келген жарандардын өз өлкөсүндө берилген жарактуу айдоочулук күбөлүктөрүн тааныйт.

2-параграф. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу

Ар бир Тарап жашоо үчүн келген жарандардын экинчи Тарап берген айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууга карата тийиштүү теориялык жана практикалык сынактардан арыз ээсин бошотот. Мындай бошотуу транспорт каражаттары үчүн айдоочулук күбөлүктөрдүн төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн категориялары менен чектелет:

Бириккен Араб Эмираттары

Кыргыз Республикасы

Категория

Категория

Жеңил автомобилдер:

Массасы (бош) 2,5 тоннаны түзгөн жана айдоочунун орундугун кошкондо 14төн ашпаган орундугу бар моторлуу транспорт каражаттары

"В":

Уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган, айдоочунун орундугун кошкондо 8ден ашпаган орундугу бар автомобилдер

Таблицада көрсөтүлбөгөн башка категориялар жана чакан категориялар үчүн экинчи Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык келген теориялык жана практикалык сынактар колдонулат.

3-параграф. Алмаштыруу шарттары

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй шарттар аныкталат:

1. Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга берген арыз ээсинин жашоого уруксаты болушу керек.

2. Айдоочулук күбөлүк жарактуу болушу керек.

3. Арыз ээси улуттук мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык 2-параграфтын таблицасында көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн ар кандай категориялары үчүн эки Тарап белгилеген минималдуу курактык тараптарга ылайык келиши керек.

4. Алмаштырылууга тийиш болгон айдоочулук күбөлүк белгиленген үлгүлөргө шайкеш келиши керек.

5. Айдоочулук күбөлүктү 2-параграфтын таблицасында көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн эквиваленттүү түрүнө алмаштыруу зарыл.

6. Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга берген арыз ээси кайсы болбосун сертификацияланган котормо бюросу тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктүн легализацияланган котормосун берүүгө милдеттүү.

7. Арыз ээси зарыл медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

8. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда эки Тараптын улуттук мыйзамдарында белгиленген кайсы болбосун башка шарттар аткарылууга тийиш.

4-параграф. Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу

Эки Тараптын тиешелүү компетенттүү органдары алмаштырылган айдоочулук күбөлүк жөнүндө маалыматтарды жана билдирүүлөрдү дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка берүүгө милдеттенген шартта, арыз ээси өзүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн сактап кала алат.

5-параграф. Айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугу