Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 31-декабры № 209
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ушул Кодекстин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат.";
2) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "225, 337-346-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды", "225, 337-346-беренелеринде каралган кылмыштарды" деген сөздөр "225-беренесинде каралган кылмышты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 79-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул Кодекстин 336-348-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн адам күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзгөндө жана материалдык зыяндын ордун толугу менен толтурганда, сот адам күнөөлүү деп таанылган беренеде каралган жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындайт.";
4) 95-беренеде:
а) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кылмыш жасаган адам жазадан бошотулгандан, жазасын өтөп бүткөндөн же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө, ал соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, соттулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.";
5) 336-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
6) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;