КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 21/15
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 1,50 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Абдраев Темирдин арызын кароо жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 1,50 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Абдраев Темирдин арызын карап жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 1,50 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Абдраев Темирге 1,50 га жайыт жерин 25 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин
2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Токоевге жана жайыт комитетинин төрагасы У.Жолдошовго ижарага берилүүчү жерди жеринде тактап, тийиштүү иш кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Ижара акысы жылына гектарына 5000 (беш миң) сом болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Абдраев |