Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2024-жылдын 26-январы № 21/18

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылынын тургуну Жылчыбаева Калыстын арызы жөнүндө

 

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Эшме айылынын тургуну Жылчыбаева Калыстын арызын карап чыгып жана талкуулап, Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Эшме айылынын тургуну Жылчыбаева Калыс I группадагы майып, буту жок баса албайт. Учурда бөйрөктөрү ооруп, отура да албай жатып калганына байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан 15000 (он беш миң) сом акчалай жардам берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ураимовго жүктөлсүн. 

 

Төрага:

 

К.Абдраев