Редакцияот 26.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясынын жетинчи чакырылышы

 

2024-жылдын 26-февралы № 22/2

 

Катта-Талдык айыл өкмөтү – мекемесинин аталышын

Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине өзгөртүү жөнүндө

 

               Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта-Талдык айыл өкмөтү - мекемесинин аталышы Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине өзгөртүлүп төмөндөгүдөй аталсын.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение Айыл окмот Баш-Булакского айылного аймака.

Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү м-cи;

- Расмий тилде: У-е Айыл окмот Баш-Булакского айылного аймака.

2. Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3. Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев көчөсү, №33 аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат. 

 

Төрага:

 

К.Абдраев

 

 

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин 2024-жылдын

26-февраль  №22/2 токтому менен бекитилген

 

 

 

 

 

Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин

 

ЖОБОСУ

 

 

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу

                                      

1.Жалпы жоболор

1. Айыл өкмөтүнүн ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.

2. Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.

Айыл өкмөтүнүн расмий  аталышы:

- мамлекеттик тилде: Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү.

- расмий тилде: Айыл окмот Баш-Булакского айылного аймака.

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы, Н.Анарбаев көчөсү № 33.

4. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.

6. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

2. Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

 

7. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

8. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

9. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

10. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

11. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.

 

3. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү

12. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

15. Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.

16. Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ

 

4. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

17. Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

18. Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

5. Корутунду жоболор

19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.