Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

 

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-1

 

«Төө-Моюн айыл аймагынын Авиз айылында жайгашкан №12 М.Кадыров атындагы орто мектебинин чатырын жаңыдан жабуу жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеш өсүп келе жаткан жаш муундардын татыктуу билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен экендигин белгилөө менен бул маселе боюнча мектеп директору З.Ташполотованын маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп чыгып, №12 М.Кадыров атындагы орто мектебинин чатырын жаңылап жабуу керек экендигин эске алып Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төө-Моюн айылдык кеңеши тарабынан Ош облустук өнүктүрүү фондунан Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы №12 М.Кадыров атындагы орто мектебинин чатырын жаңылоо үчүн 1 956 440 (бир миллион тогуз жүз элүү алты миң төрт жүз кырк) сом акча каражаты суралсын.

2. №12 М.Кадыров атындагы орто мектебинин директору З.Ташполотованын Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралган 1 956 440 (бир миллион тогуз жүз элүү алты миң төрт жүз кырк) сом акча каражатын алууда суралган керектүү болгон документтерди даярдап берүү жагы жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновго жүктөлсүн.

 

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев