Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

 

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-3

 

Араван районун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Төө-Моюн айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айылдык аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2023–жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Төө-Моюн айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөттүн 2023-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени Төө-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 

1. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4 - кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгү, кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен 1000,0 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).

2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнө кошумча каражат 1000,0 миң сомго № 2 тиркемеге карата артыкчылыгы менен бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жүктөлсүн.

 

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев

 

 

 

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин

28-сессиясынын №28-3 токтомуна

№ 1 тиркеме

 

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин кирешеси, жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү төмөндөгүчө:

 

№

Кирешелердин аталышы

Алымча (мин сом)

Кошумча (мин сом)

1

Киреше салыгы (подоход налог)

 

+1000,0

 

 

 

 

 

Бардыгы бюджет боюнча:

 

+1000,0

 

 

 

 

 

 

+1000,0

 

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев

 

 

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин

28- сессиясынын №28-3 токтомуна

№ 2 тиркеме

 

Төө-Моюн айылдык округунун 2023-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумчасы төмөндөгүчө.

 

Берененин аталышы

Берене

Алымча (-)

Кошумча (+)

Аппарат

Сапарлык чыгымдар

2211

 

170,0

Чарбалык буюмдарды жана материалдарды алуу

2222

 

20,0

Жабдууларды алуу

3112

 

150,0

Билим берүү (орто мектеп)

 

 

 

 

Ар түрдүү чыгымдар

2215

 

430,0

Чарбалык буюмдарды жана материалдарды алуу

2222

 

12,0

Соц. жардам

Соц жардам

2721

 

87,1

ЖКХ

Жабдууларды алуу

3112

 

130,9

Бардыгы:

 

 

+1000,0

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев