ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-5
Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы К.Мамажанов көчөсүнө узундугу 1,1 км асфальт бетон төшөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп чыгып, Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы К.Мамажанов көчөсүнө узундугу 1,1 км асфальт бетон төшөө керек экендигин эске алып Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы К.Мамажанов көчөсүнө узундугу 1,1 км асфальт бетон төшөө иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында ички резервдерди талдап чыгуу, тийиштүү мамлекеттик органдарга республикалык бюджеттен үлүштүк түрткү берүүчү грант ажыратып берүү үчүн кайрылуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
2. Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы К.Мамажанов көчөсүнө узундугу 1,1 км асфальт бетон төшөө үчүн зарыл болгон каражаттын жалпы өлчөмүнөн 4 138 224 сом айыл өкмөттүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып, бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Осмоналиев |