ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-6
“Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамын, Ардак грамота ыйгаруу жөнүндө
"ФСДС" коомдук фонду "Кыргызстандын айыл аймактарында туура тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системаларын колдоо" долбоорунун менеджери Жасоолов Данияр Авазбекович, "ФСДС" коомдук фондунун аткаруу директору Исмаилов Муратбек Кубанычбекович Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча көптөгөн социалдык долбоорлорду тартуу менен билинг башкаруу системасын ишке ашырууда жүргүзүп жаткан жигердүү ишмердигин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "ФСДС" коомдук фонду "Кыргызстандын айыл аймактарында туура тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системаларын колдоо" долбоорунун менеджери Жасоолов Данияр Авазбекович, "ФСДС" коомдук фондунун аткаруу директору Исмаилов Муратбек Кубанычбекович Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча көптөгөн социалдык долбоорлорду тартуу менен билинг башкаруу системасын ишке ашырууда жүргүзүп жаткан жигердүү ишмердигин эске алып, “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамы, ал эми Тешебаев Мунарбек Кудайбергеновичке Төө-Моюн айылдык кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылсын.
2. Айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиев “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” төш белгисин жана күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырылышын камсыз кылуу жагы жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтү “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ыйгарылышына байланыштуу Жобого ылайык зарыл болгон жол жоболоштуруу иш аракеттерин жүргүзсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Осмоналиев |