Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

 

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-7

 

«Төө-Моюн айылдык аймагынын Ак-Шар айылынын Ынтымак конушуна кичи футбол аянтчасына жасалма (искусственный) газон сатып алуу жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеши Ынтымак конушунун жаштарын колдоо жана мындай спорт аянтчасын болушу жаштардын, жалпы эле айыл тургундарынын сергек жашоосуна, бош убактысын туура уюштурууга жана калктын ден-соолугун чыңдоого шарт түзү максатында Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун маалыматын жана Ынтымак конушунун айыл комитетинин сунуш-пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төө-Моюн айылдык аймагынын Ынтымак конушунун жаштарын колдоо жана мындай спорт аянтчасына жасалма (искусственный) газон сатып алуу иштери колдоого алынсын.

 

2. Оңдоп түзөө жана алмаштыруу иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында өнүктүрүү фонддорунан ажыратып берүү үчүн кайрылуу иш аракеттерди жүргүзсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев