ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-8
«№65 Кесиптик лицейине түз тигүүчү машина жана оверлог (4 жиптүү) тигүүчү машина сатып алуу максатында»
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеш өсүп келе жаткан жаш муундардын татыктуу билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен экендигин, окуучулардын татыктуу билим алуусун камысыз кылуу максатында бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун маалыматын жана №65 кесиптик лицейинин директору Айтали уулу Санжардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы №65 кесиптик лицейине түз тигүүчү машина жана оверлог (4 жиптүү) тигүүчү машина сатып алууга макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айылдык аймагынын Авиз айылындагы №65 кесиптик лицейине түз тигүүчү машина жана оверлог (4 жиптүү) тигүүчү машина сатып алуу иштери колдоого алынсын.
3. Курулуш иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында өнүктүрүү фонддорунан ажыратып берүү үчүн кайрылуу иш аракеттерди жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Осмоналиев |