Редакцияот 24.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 25-декабры №3/8

 Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Ак-Булак Дыйкан” СПАнын балансындагы        33,89 км “Тешик-Арык” каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-декабрындагы №2 протоколун жана  шаардын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын                03-декабрындагы катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Ак-Булак Дыйкан” СПАнын балансындагы 33,89 км  каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүпберүүгө макулдук берилсин.
  1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Ак-Булак Дыйкан” СПАнын балансындагы 33,89 км  каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүүдө тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Маткалыковго жүктөлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Аматов