КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык кеңешинин кезексиз XXII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 26-февралы № 22/3
Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздардын арыздары жөнүндө
Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздардын арыздарын карап, “Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздар:
Ашымова Мээргүл Ахматбековнага, Ташматов Абдыкалык Турдубаевичке, Бурханова Жылдыз Ыхбалбековнага, Назиров Хабиби Замировичке, Арзымамбетова Омурхан Топчубаевнага, Айылчиева Пазилет Джолдошовнага, Бактияров Абдилашим Шаршенбаевичке, Матисаева Алмахан Абдикаримовнага, Турдубекова Фарида Азамовнага, Осмонов Айтемир Эргешовичтерге
үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жана жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Абдраев |