КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №13
« АКтин депутаттарынын, АӨнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө».
«Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- 2024-жыл ичинде Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынын, Каргалык айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлердин жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандардын иштерине баа берилип, аныкталгандыгы белгиленсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Атамкуловага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |