Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын  Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы

 

2024-жылдын июль айынын 24ү                                                                           

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча

         Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин жана бюджеттин аткарылышы боюнча финансы–экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы В.А.Бектурсунованын маалыматын угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын 

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин жана бюджеттин аткарылышы боюнча финансы–экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы В.А.Бектурсунованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.

       

2. Маалымат берүүдөгү айтылган сунуш-талаптарды эске алуу менен иш алып баруу жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                    Э.А.Мамбетов