Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2024-жылдын июль айынын 24ү
Айыл аймагындагы суу скважиналарын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Айыл аймагында ичүүчү жана сугат суу маселесин чечүү максатында айыл аймагындагы бардык скважиналарды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябры № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Эл депутаттарынын
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы суу скважиналары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Айыл аймагындагы суу скважиналарынын санын, абалын аныктап, инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов