Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 20-декабры №16

 

« Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын 17-декабрындагы №01-/947 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө (“Кара-Талаа”, “Шалаты ” участкаларындагы 741,0 га кайрак айдоо аянттарын сугат айдоо аянттарына которуу)».

         

Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга

маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча комиссиянын төрагалыгынын орун басары Жаныбеков Залкарбек Жаныбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,        

 

Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

                                        Т О К Т О М К Ы Л А Т :

  1.    Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кара-Талаа” участкасынын №71-93-151-199-200-201-202-203-204-205-206-207-контурларынан 66,9 га жайыт жери жана 633,1 га кайрак айдоо аянттары жалпы 700,0 га жер тилкелери сугат айдоо аянттарына которулсун.

 

  1. “Шалаты” участкасынын №97 контурунан 41,0 га кайрак айдоо аянттары сугат айдоо аянттарына которулсун.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөо жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” комиссиянын төрагалыгынын орун басары Жаныбеков Залкарбек Жаныбековичке милдеттендирилсин.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Т.И. Токтоболотов.