БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXVII-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 123
Бирлик айылдык Кеңешинин убактылуу комиссиясын бекитүү жөнүндө
Бирлик айылдык Кеңешинин депутаттарынын арасында болгон өзгөрүүлөрдүн негизинде жана 2024-жылдын 18-апрелиндеги кезексиз сессиянын протоколуна ылайык таза суу көйгөйүн чечүү үчүн убактылуу комиссия түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1.2024-жылдын 18-апрелиндеги кезексиз сессиянын протоколуна ылайык таза суу көйгөйүн чечүү үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн жана №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген убактылуу комиссия 2024-жылдын 18-апрелиндеги кезексиз сессияда болгон таза суу көйгөйүн жайында дыккат иликтеп маселени чечсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Төрага: |
С.Каламов |
Бирлик айылдык Кеңешинин “18”04.2024-жылдагы “№123 токтомуна №1 тиркеме
Таза суу маселеси боюнча убактылуу комиссиясы:
- Адахам у А-айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
- Таджиев А-Биримдик муниципалдык ишканасынын жетекчиси, комиссия мүчөсү;
- Маканбаев Ж-айыл өкмөт башчысы, комиссия мүчөсү;
- Маматов Ш-айылдык Кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү;
- Ниязов А-айылдык Кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү;
Катчы: О.Ганиев