Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

 

2024-жылынын 20-декабры №19

 

« Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 04-апрелиндеги № 01-7/281чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө ».

           

““Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,        

Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

                                        Т О К Т О М К Ы Л А Т :

  1. Каргалык айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагынын (балдар бакчасына) атайын каражатынан,14232400 элементинин планынан жана 2218 тамак- аш бересинен 250,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.

 

  1. Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын атайын каражатына, 14239900 элементине - 250,0 миң сом планына, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине которулсун.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Т.И. Токтоболотов.