КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын
2024-жылынын 25-апрели №01-5/208
« Муниципалдык мечиетеги объектилерди камсыздандыруудан өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө».
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 62-т сандуу тескемесин аткаруу максатында, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын балансында турган муниципалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча жазган шаардык мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
- Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
- 1-тиркемеде көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөр камсыздандыруудан өткөрүлсүн.
- Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү камсыздандыруудан өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин жыл ичинде ашыкча түшкөн киреше булактардын эсебинен жана такталган планга ылайык бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Абдуразаков. |
|
|
БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаарынын төрагасы ____________ Н.А.Абдуразаков. 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 01-5/208-токтомуна 1-тиркеме. |
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги имараттарды камсыздандырууга даярдалган объектилердин тизмеси.
№ | Имараттын аталышы | Баланстык баасы | Имараттын м2 | Камсыздандыруу баасы |
1 | Кочкор-Ата шаар мэриясынын имараты | 3 746 325 ,52 | 602,6 | 19293,57 |
2 | №15 «Беки уулу Семетей» мектеби | 8 541 467,19 | 4 063,2 | 43988,55 |
3 | №14 «Губкин» мектеби | 21 959 675,19 | 5 531,9 | 113092,32 |
4 | №28 «Ч.Айтматов» мектеби | 3 460 989,22 | 10 849,0 | 17824,09 |
5 | №15 «Жомок» балдар бакчасы | 2 262 287,44 | 309,2 | 11650,78 |
6 | №45 «Наристем балдар бакчасы | 32 309 152,66 | 1061,3 | 166392,13 |
7 | №47 «Ландыш» балдар бакчасы | 29 079 003 | 952,9 | 149756,86 |
8 | Ш.Утебаев музыкалык мектеби | 2 784 137,02 | 33,7 | 14338,30 |
9 | Шаардык китепкана | 2 226 196,01 | 247,7 | 11464,90 |
10 | ФАП | 1 449 078,06 | 76,8 | 7462,75 |
11 | Н.Исанов атындагы гимназия | 43 499 750,00 | 6 837,4 | 224023,71 |
| Итого: |
|
| 779287,96 |
Кочкор-Ата шаарынын камсыздандыруу боюнча агент |
У.Турдубаев. |