КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №01-5/205
« Схемалык картаны бекитүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облустунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кочкор-Ата шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- Кочкор-Ата шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасына жана Кочкор-Ата шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н.А. Абдуразаков. |
|
|