Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2024-жылынын 28-ноябры №2

 

« Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө».

         

Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо жаны шайланган айылдык кенештин төрагасынын жалпы депутаттардын арасынан ачык добуш менен колго салып шайлоо жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамын , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген Типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Терек-Сай айылдык Кеңешинин  X  чакырылышынын    кезектүү  I   сессиясы

 

Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

 

  1. Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көп добуш алган № _5_  _Шекафтар_  шайлоо округунун   депутаты  Мамадиев Мамбеткул Тажиматович Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп  шайлансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын  айылдык 

кеңешинин  төрагасы

:

 

Абибакир уулу Ж.