Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2024-жылынын 28-ноябры №6

 

« Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сыртын капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндө.».

         

Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын айыл аймакка караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 2 943 302 сом акча каражатын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 2 943 302 (эки миллион тогуз жүз кырк үч мин үч жүз эки) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын  айылдык 

кеңешинин  төрагасы

:

 

Абибакир уулу Ж.