САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сары-Булак айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги №8- сессиясы
2023-жылдын 20-январындагы № 8/1
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2024- 2025-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2023-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 21356,0 жана чыгашалары 21356,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин болжолу 2024-жылга 22868,0 мин сом өлчөмүндө 2025-жылга 23230,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2022-жылга Айыл өкмөтүнүн бюджеттинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. (тиркеме тиркелет). Айыл окуругунун чыгаша бөлүгү 2023 -жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Бекитилген бюджеттин аткарылышын жана сарамжалдуу сарпталуусун көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К.Матиев |