Редакцияот 03.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенешинин кезексиз чакырылган (7-шайланган) № 6-сессиясынын жыйналышы

2022-жылдын 03-августундагы № 6/1

Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы А.Мамажусуповдун жасаган маалыматы жактырылсын.

2. 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн 1230.0 ( бир милион эки жүз отуз мин ) сом киреше акча каражатын 2022-жылдын сметасына киргизип берүү жагы жана маданият бөлүмүндөгү 845.3 сом акча каражатын билим берүү бөлүмүнө жылдырып берүү Кара-Кулжа райондук Финансы Башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

К.Матиев