БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баетов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү ХХIX сессиясы
2023-жылдын 25-апрелиндеги № ХXIX/8
Баетов айыл аймагындагы жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы айдоо аянтына которуу жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы айдоо аянтына которуу боюнча маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XXIХ-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы Бермет-Жал участогунан №863 (7,9), №864 (5,8), №865 (13,3), №869 (3,0), №870 (3,4), №871 (20,5), №872 (1,2), №873 (6,9), №875 (82,4), №876 (1,9), №877 (1,4), №878 (13,8), №879 (32,9), №884 (22,0), №885 (1,3), №886 (19,1), №887 (12,4), №888 (2,6), №895 (92,2), №898 (6,6), №899 (42,2), №906 (0,5), №908 (1,0), №909 (23,8), №910 (3,6) контурларынан жалпы аянт 421,70 га жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы айдоо аянты категориясына которулсун.
2. Айыл чарба багытындагы которулган Бермет-Жал участогунан 300 га жер аянты өзбек элинин жеке ишкерлерине кызматташуу инвестиция тартуу максатында ижарага берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылсын
Баетов айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Ч. Азимжанов |