РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН II СЕССИЯСЫ
(VII чакырылыш)
2024-жылдын 26-декабры № 2
Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарынын башкы планындагы №8-03-04-1001-8146 сандуу идентификациялык коду менен катталган 490,0м2 жана №8-03-04-1001-6430 сандуу идентификациялык коду менен катталган 800,0м2 жер аянттарынын багыттарын өзгөртүү менен башкы планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |