ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-апрели № 31/7
«Чүй айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2024 – жылга колдонуу тууралуу»
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджети 29 535,7 миң сомду түзөт. 14 634,4 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү
2111 “Эмгек акы” 100,0 миң сом
2121 “Соц. фондго акы төлөө” 17,2 миң сом
2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү” 620,0 миң сом
2231“Жылуулук энергиясына” 50,0 миң сом
3112 “Эмерек алууга” 500,0 миң сом
Бардыгы: 1 287,2 миң сом.
Турмуш –тиричилик бөлүмү
2111 “Эмгек акы” 105,0 миң сом
2121 “Соц. фондго акы төлөө” 18,1 миң сом
2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү” 1114,1 миң сом
2221 “Кезектеги оңдоо иштери” 560,0 миң сом
2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн
предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 350,0 миң.сом
3111 Имараттар жана курулуш 1500,0 миң сом
3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” 9300,0 миң сом
Бардыгы: 12947,2 миң сом
Билим берүү бөлүмү
2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү” 100,0 миң сом
2231 “Жылуулук энергиясына” 300,0 миң сом
Бардыгы: 400,0 миң сом.
Жалпы сумма : 14634,4 миң сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Кыдырбаев |