Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айыл кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы № 15

 Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ  

Кыргыз  Республикасынын  “Жер кодексине” Кыргыз  Республикасынын   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын   2013-жылдын 15-июлдагы  №145 Жер  участокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

Токтом кылат:

1. Алтын-Бешик   айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында жайгашкан № 90 контурунда жайгашкан 0,06га  № 93 контурунда 0,22га, №548 контурунда 0,09 га  № 547 контурунда 0,23га  жалпы 0,60га жер аянтын   “айыл чарба багытындагы  жерлер категориясынан  ѳнѳр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын  коргонуунун  жерлери жана башка багыттагы жерлер  категориясына”  которууга макулдук берилсин.

3.Ушул токтомдун негизинде  тийиштүү иш кагаздарын  толуктап бүтүрүү жагы  Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер, агрардык жана мыйзамдуулук  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы Ж.Матаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрайым

А. Матраимова