Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышындагы Чүй айыл аймагынын Чүй айылдык кеңешинин кезексиз 32-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 32/1

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чүй айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чүй айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Чүй айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Чүй айылдык кеңешинин төрагасына жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

         Төрага

 

Б.О. Кыдырбаев