Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин I сессиясы

 

2024-жылынын 27-ноябры №2

 

« Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө».

         

          Эсептөө комиссиясынын № 3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын № 3/1-протоколу бекитилсин.

 

  2. Момбеков айылдык кеңештин төрагасы нын орун басары болуп Аджибекева Парида Абдимомуновна шайлангандыгы таанылсын.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

:

Абдыразак уулу Ислам.