Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 21-майы № 33/3

 

Чүй айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2024 – жылга колдонуу тууралуу

 

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджеттен калган калдыгы  29 535,7 миң сомду түзөт. 7300,0 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:

 

Турмуш –тиричилик бөлүмү  

2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү”

(МП «Чуй-Водоканалга акча каражатын бөлүп берүү)  4100,0 миң сом

3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар”

(ассенизатор сатып алууга) 3200,0 миң сом

     Бардыгы: 7300,0 миң сом

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.

 

 

          Төрага

 

Б.О. Кыдырбаев