Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 21-майы № 33/4

 

Чүй айыл өкмөтүнүн  2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү  бюджеттен калган калдыктарды  2024 – жылга колдонуу  тууралуу

 

Чүй айыл өкмөтүнүн  каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын  1-апрелине  карата жергиликтүү бюджеттен калган калдыгы 29 535,7 миң  сомду түзөт. 1000,0 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин  ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө  бөлүштүрүү тууралуу Чүй  айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:

Мамлекеттик тейлөө  бөлүмү

2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү” 200,0 миң  сом

Бардыгы:   200,0 миң сом.

 

Турмуш –тиричилик бөлүмү 

2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн

  предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 250,0 миң.сом

3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” 200,0  миң сом

    Бардыгы: 450,0 миң сом

 

Билим берүү бөлүмү

2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн

  предметтерди жана материалдарды сатып алуу”  200,0 миң.сом

Бардыгы:   200,0 миң сом.

 

Бала-бакча бөлүмү

2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн

  предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 150,0 миң.сом

Бардыгы: 150,0 миң сом.

Жалпы сумма : 1000,0 миң сом.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин  төрайымы  С. Джанузаковага  жүктөлсүн.

 

 

           Төрага

 

Б. Кыдырбаев