Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-июлу № 34/1

 

Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй Суу-канал” муниципалдык ишканасынын 2024 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу

 

Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй Суу-канал” муниципалдык ишканасынын директору Н.И.Ибраимовдун 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735-токтомунун негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга мамлекеттик менчиктеги жайыт жерин пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй жайыт акысы бекитилсин:

 

№

Малдын түрү

Бир башка төлөнүүчү баа

1

Чоң бодо мал

200

2

Чоң жылкы

200

3

Жаш бодо мал

140

4

Жаш жылкы

140

5

Кой-эчки

40

6

Топоз

200

 

2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Сакаевге жана каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

 

         Төрага

 

Б.О. Кыдырбаев