Редакцияот 02.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл  депутаттарынын  Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы

 

2024-жылдын 2-декабры №11

 

2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө

        

        2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун карап, талкуулагандан кийин Эл  депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым катары 3009928 (үч миллион тогуз миң тогуз жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинен каралсын.

        2.Токомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

        3.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

        4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет экономика жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                               Н.Т. Иманалиев