Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы  № 1/1

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш планын бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  кеңешинин туруктуу комиссияларыны 2025-жылга карата  иш планы 1-2-3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата  иш планы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    Бул  токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Төрага

К. Жакыпакун уулу

 

 

                                                                                                                                                                 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылга агрардык-айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология маселелери боюнча иш планы

 

 

5.

Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Март

Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын (муниципалдык ишкананын жетекчисинин) маалыматын угуу:

- жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча,

- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча;

- көчө жарыктарынын абалы жөнүндө,

- жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча.

Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу.

АӨ башчысы (зарыл болгон учурда МИ жетекчиси)

АК агрардык маселелер боюнча, социалдык маселелер боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

 

 

 

Айылдык Кеңеш токтом кабыл алат

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

 

4

Муниципалдык менчикти башкаруу

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.

Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.

Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.

Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар ​​тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда).

АӨ башчысы

АК бюджеттик маселелери боюнча, агрардык маселелери боюнча  жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

Айылдык Кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга,  АК ачык сессияларына катышуусу.

 

3.

АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

Алдыга коюлган пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу.

АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен айыл  аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда).

АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу.

АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда).

АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы

АК агрардык маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).

 

 

 

Айылдык Кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга,  АК ачык сессияларына катышуусу.

 

2.

Муниципиалдык ишкананын маалыматын угуу, ишканага караган Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу жайыт маселелери (ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Январь

Февраль

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу,катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жок кылуу, муниципиалдык менчиктин иштеши маселелери боюнча отчетун  угуу:

- АӨ башчысы - калкты ичүүчү суу  менен камсыз кылуу боюнча жайыт маселелери (канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) (муниципалдык ишкананын) жетекчиси

- калктуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо жаатындагы мун. ишкананын жетекчисин;

-айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга тарифти карап чыгуу жана бекитүү.

Муниципалдык менчикте турган, муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу.

АӨ башчы муниципалдык ишкананын

жетекчиси

АК агрардык маселелери боюнча, бюджеттик маселелери боюнчатуруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Айылдык Кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга,  АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

 

1.

Муниципалдык ишкананын жылдык пландарын  кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Январь

Февраль

2025-жылга Муниципалдык ишкананын  жылдык планынын аткарылышы боюнча  отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу.

Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):

- Муниципалдык ишканасы үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо;

- 2025-жылга Муниципалдык ишкананын   жылдык планы;

 

АӨ башчы муниципалдык ишкананын

жетекчиси

 

АК агрардык жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).

 

 

 

Айылдык Кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Коомдук угууларга, жыйындарга,  АК сессияларына катышуусу.

 

 

I квартал

 

№

Туруктуу комиссиянын ишмердиги жана жыйналыштары

Туруктуу комиссиянын иш-чаралары жана жыйналыштары өтчү күн

Каралып жаткан маселелер боюнча иш-чаралар

Аткаруучу, АӨнүн атынан жооптуу адам

АК туруктуу комиссиясы жана туруктуу комиссиянын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү

Жыйынтык

Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси)