Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-ноябрындагы № 02

 

Нарзан айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын

шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен сессия

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Нарзан айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29 ноябрындагы №3/1-протоколу бекитилсин.

2. Дунганов Совхозбек Уйчиевич, Урманбетов Азамат Темирбекович Нарзан айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Т.Кулжанов