Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы  № 1/2

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Нарын облусунун  “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна   жазылган долбоорлордун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.           Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата Нарын облусунун        “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлордун  өздүк салымына,                     2025-жылдын бюджетинен 1653354 (бир миллион алты жүз элүү үч миң үч жүз элүү төрт) сом  акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. 27-декабрь 2024-жылдагы Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна жиберилген №5 чыгыш каты күчүндө экендигин билдиребиз.

3. Тиешелүү иш кагаздарын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул  токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Төрага

К. Жакыпакун уулу