Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы  № 1/3

 

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондуна  жазылган долбоорлордун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңешини  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлордун  өздүк салымына, 2025-жылдын бюджетинен 502322 (беш жүз эки миң үч жүз жыйырма эки) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул  токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Төрага

К. Жакыпакун уулу