Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 10-январы  № 1/4

 

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн дем берүүчү грантка жазылган долбоорлордун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Кара-Суу айылдык кеңешинин   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата үлүштүк деп берүүчү грантка даярдалган долбоорлордун  өздүк салымына, 2025-жылдын бюджетинен         2881895 (эки миллион сегиз жүз сексен бир миң сегиз жүз токсон беш) сом  акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул  токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Төрага

К. Жакыпакун уулу