Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттаынын кезектеги I cессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры  №1/3

 

Ала-Буга айыл аймагынын “Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жана ѳкүлчүлүктүү жыйынын ѳткѳрүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын жетекчиликке жана жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

токтом кылат:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жөнүндө” №271 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.     Ала-Буга айыл аймагынын калкынын саны 2024-жылдын 1-январына карата 7670 адам, болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын  жалпы саны 50 ѳкүл белгиленсин.

3.     Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары Ала-Буга айыл аймагындагы              Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок айылдарынын санына жараша  пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын.    ( Тиркеме 1 баракта)

4.     Ала-Буга айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 4-декабрдан 5-декабрга  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. ( Тиркеме 2 баракта)

5.     Ала-Буга айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттардын тизмеси №3 тиркемеге ылайык түзүлсүн.             ( Тиркеме 1 баракта)

6.     Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын шайлоону уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4 тиркемеге ылайык түзүлсүн.                             ( Тиркеме 1 баракта)

7.     Элдик курултайдын катчылыгы бекиткен Календарлык планга ылайык, Ала-Буга айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү Б.Календеров атындагы орто мектебине 2024-жылдын 7-декабрына чакыртылсын.

8.     Ушул токтомду сайтка жарыялоо Ала-Буга айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

9.     Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.

Төрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек