Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 2

            Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1.Эсептөө комиссиясынын Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасын           шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.

2.Дурусбек Жангиров, Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Т.Исманов